Ош шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтыкДарыгерлер пайда көрүү үчүн Индияга орган алмаштырууга жөнөтүп жатышатМайлуу-Суу шаарындагы стадион капиталдык оңдоодон өткөрүлөтРоза Айтматова 89 жаш курагында дүйнө салды
Быйыл өлкө боюнча мектепке 212 миңден ашык бала катталды
03.09.2025 | 17:38

Быйылкы окуу жылында өлкө боюнча мектепке жалпы 212 миң 477 бала катталды. Анын ичинен 3 миң 433 бала жеңилдик укугу менен кабыл алынган. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-2026-окуу жылында 1-класска кабыл алууга жалпы 148 миң 110 орун бөлүнгөн. 2-сентябрга карата 96 миң 743 бала 1-класска катталды, алардын ичинен 1 миң 556сы жеңилдик укугу менен кабыл алынган. Азыркы учурда мектептерде 51 миң 368 бош орун бар.
Ал эми 2-класска кабыл алууга жалпы 159 миң 894 орун бөлүнгөн. 2-сентябрга карата 115 миң 734 бала катталган. Анын ичинен 1 миң 877си жеңилдик укугу менен кабыл алынган. Азыркы учурда мектептерде 2-класска 44 миң 160 бош орун бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом