Быйыл 91миң наристеге «Балага сүйүнчү» жөлөк пулу төлөндү

08.09.2025 | 12:15

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2025-жылдын 1-сентябрына карата жаңы төрөлгөн балдарга бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна 365 млн 994 миң сом бөлүнгөн.

Бул каражат 91 188 баланын ата-энесине төлөндү. Анын ичинен 27 үч эмдин ата-энелерине ар бирине 1 млн 350 миң сом төлөнгөн.

Мисалы, салыштыруу үчүн: 2024-жылы ушул төлөмгө 388 млн 977 миң сом бөлүнүп, 96 934 балага берилген, анын ичинен 27 үч эмге 1 млн 350 миң сом төлөнгөн.

Эске алыңыз:

  • Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 000 сом;
  • Үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 000 сом берилет.

Талап кылынган документтер:

  • Жеке паспорт
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк

Алуунун жолдору:

  • Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу
  • Банктык эсебиңизге арыз бергенден кийин 2 жумушчу күндүн ичинде которулуп берилет
  • Акча каражаттарын Элдик Банктын жана Айыл Банктын каалаган филиалынан 6 ай ичинде алса болот

Арызды толтурууда туура уюлдук номерди көрсөтүү керек, анткени которуу тууралуу SMS аркылуу кат аласыз.

Scroll to Top