Рубионун Самарканддагы сапары: $12 миллиарддык бүтүмдөр жана АКШнын Борбор Азиядагы жаңы пландарыСадыр Жапаров Азербайжан парламентинин төрайымы менен кызматташтык маселелерин талкууладыКыргызстанда 21-октябрда «Москва үчүн салгылашуу» аттуу эскерүү жүрүшү өтөтПрезидент Кыргызстанда жаңы авиакомпанияларды каттоого коюлган мораторийди алып салдыТогуз айда Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 685,4 млрд сомду түздүСадыр Жапаров Бишкекте ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн парламент спикерлерин кабыл алды
УКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
15.04.2026 | 16:48

Бишкекте Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун «Биримдик 24» бөлүмүнүн үч кызматкери автоунааларды мыйзам каттаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер айрым жарандар менен сүйлөшүп алып, Орусияда каттоодон чыгарылбаган унааларды каттоодон өткөрүшкөн. Бул аракеттер үчүн алар акча алып турушкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда УКМК аталган коррупция иши боюнча шектелген кызматкерлер: Ш.А.А., М.Д.М. жана Ш.у.К.ны жана тиешеси бар башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар