Өлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайыКыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлат
Быйыл 91миң наристеге «Балага сүйүнчү» жөлөк пулу төлөндү
08.09.2025 | 12:15

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдиргендей, 2025-жылдын 1-сентябрына карата жаңы төрөлгөн балдарга бир жолку «Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна 365 млн 994 миң сом бөлүнгөн.
Бул каражат 91 188 баланын ата-энесине төлөндү. Анын ичинен 27 үч эмдин ата-энелерине ар бирине 1 млн 350 миң сом төлөнгөн.
Мисалы, салыштыруу үчүн: 2024-жылы ушул төлөмгө 388 млн 977 миң сом бөлүнүп, 96 934 балага берилген, анын ичинен 27 үч эмге 1 млн 350 миң сом төлөнгөн.
Эске алыңыз:
- Ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөм 4 000 сом;
- Үч же андан көп бала төрөлгөндө ар бир балага 50 000 сом берилет.
Талап кылынган документтер:
- Жеке паспорт
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк
Алуунун жолдору:
- Калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуу
- Банктык эсебиңизге арыз бергенден кийин 2 жумушчу күндүн ичинде которулуп берилет
- Акча каражаттарын Элдик Банктын жана Айыл Банктын каалаган филиалынан 6 ай ичинде алса болот
Арызды толтурууда туура уюлдук номерди көрсөтүү керек, анткени которуу тууралуу SMS аркылуу кат аласыз.