Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган дагы 14 адам катталды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов кабарлаганын Tengrinews.kz жазды.
«Бүгүн Нур-Султанда коронавирусту жуктуруп алган 14 жаңы жагдай катталды. Алар учурда карантин мекемесине жаткырылды. Ошондой эле алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталууда», — деп билдирди министр.
Жалпысынан Казакстанда вирусту жуктуруп алган адамдардын саны 27ге жетти. Ал эми дагы бир коронавирус жуктуруп алган казакстандык Германияда дарыланууда.
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялаган.