Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Казакстанда 27 адамга коронавирус жукту
17.03.2020 | 13:25
Казакстандын Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган дагы 14 адам катталды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов кабарлаганын Tengrinews.kz жазды.
«Бүгүн Нур-Султанда коронавирусту жуктуруп алган 14 жаңы жагдай катталды. Алар учурда карантин мекемесине жаткырылды. Ошондой эле алар менен байланышта болгон бардык адамдар аныкталууда», – деп билдирди министр.
Жалпысынан Казакстанда вирусту жуктуруп алган адамдардын саны 27ге жетти. Ал эми дагы бир коронавирус жуктуруп алган казакстандык Германияда дарыланууда.
Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн бир айлык өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар