Сосновкада эркек киши кызганычтан мурдагы аялын өлтүрүп, сөөгүн суу жээгине көмүп салган

12.09.2025 | 16:51

Укук коргоо кызматкерлери беш жыл мурунку аял кишини өлтүрүү фактысынын бетин ачышты. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 30-августунда Жайыл райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө аял кайрылып, кызын табууга жардам сураган. Анын айтымында, 1986-жылы туулган Б.З. 2020-жылдын 8-августунда болжол менен саат 8:00дө Кара-Балта шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Издөө иштери жүргүзүлүп, андан эч натыйжа чыккан эмес.

Кийинчерээк укук коргоо кызматкерлери дайынсыз жоголгон аял ошол күнү Сосновка айылындагы тоодо мурдагы жарандык никедеги күйөөсү менен жолугушканын аныкташкан. Анын сөөгүн ушул жылдын 9-сентябрында тоо тараптагы суу сактагычтын жанынан табышкан. Маркумдун сөөгүндө зомбулуктун белгилери бар болгон.

Кылмышка шектүү катары аялдын мурдагы жарандык никедеги күйөөсү кармалган. Тергөөдө алар ошол убакта жолугушканы, кызганычтан улам ортолорунда жаңжал чыгып, натыйжада эркек киши аялды катуу сабаганы аныкталган. Аял алган жарааттардан улам каза болгон. Шектүү кылмышты жашыруу максатында сөөктү көмүп салган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. 49 жаштагы С.Р. убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top