Кыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдүБалыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жолунун курулушуна жооптуу жетекчилерге сөгүш берилдиКыргызстанга чет элдик инвестициялардын агымы 21,7%га өстүТаласта минералдык суу чыгаруучу завод ачылдыОштун мэри 8 балалуу энеге үй белек кылдыАлмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамынан жана бардык мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылды
Улуттук банк: Банк секторунда долларлашуу деңгээли азаюуда
17.09.2025 | 10:37

Кыргызстандын банк секторунда долларлашуу деңгээли азайып, ал эми сомдун ролу өсүш көрсөтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банк өлкөдөгү банк секторунун абалы боюнча жарыялаган маалыматтарда айтылды.
Маалыматка ылайык, банк секторунда кредит портфелинин долларлашуу деңгээли июль айынын аягына карата 17,8 пайызды түзгөн. Бул жыл башындагы көрсөткүчтөн 2,2 пайыздык пунктка аз.
Ошондой эле депозиттик базанын долларлашуу деңгээли жыл башына салыштырганда 5,1 пайыздык пунктка азайып, 37,8%ды түзгөн.
Ал эми банк секторунун жалпы депозиттик базасы жыл башынан 21,1%га өсүп, 717,6 млрд сомду түзгөн. Кредиттик портфель болсо 26,1%га көбөйүп, 429,6 млрд сомду түзгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика