Батыштын санкциялары Кыргызстанга жана Борбор Азияга кандай таасир этүүдөБишкекте үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелери даярдалуудаӨкмөт башчы орусиялык кинорежиссёр Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырдыБишкекте ээси жок жаныбарлар үчүн муниципалдык башпаанек ачылышы мүмкүнАКШ президенти өзөктүк куралды сыноону баштоо тапшырмасын бергенин билдирдиОш шаарында аталышы кыргызча жазылбаган кафе-дүкөндөрдүн жазуулары алынууда
Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысын кабыл алды
18.09.2025 | 09:31

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТМУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча пикир алмашышкан. Ошондой эле 18-сентябрда өтө турган ТМУга мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жана вице-президентинин жолугушуусун өткөрүү маселесин талкуулашкан.
Мындан тышкары Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын ТМУга төрагалык кылуусунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат