Сом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилдиГутерриш: кийинки пандемия сөзсүз болот, ага азыртан даярдануу керекУКМК айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысын аныктады«Чекиш-Ата» базарында эркек киши ок чыгарды — жабыркаган адам бар
Бүгүн Бишкекте бир катар көчөлөрдө кыймыл чектелет
18.09.2025 | 09:45

Борбор калаада бүгүн, 18-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмунун премьер-министрлеринин жыйыны өтөт. Ушуга байланыштуу бүгүн бир катар көчөлөрдө убактылуу чектөөлөр киргизилерин ЖКККББдан кабарлашты.
Жабылуучу жолдор:
- Манас аэропортунан Бишкекке чейинки унаа жолу
- Фучик көчөсү (шаар четинен Чүй проспектисине чейин)
- Чүй проспектиси (Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки чыгыш багыт)
- Манас жана Ч.Айтматов проспектилери («Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүк)
- «Ала-Арча» резиденциясынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол тилкеси
ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы жарандарга алдын ала маршруттарын тууралап алууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом