Бишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайтАдилет Орозбеков Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалдыКоргоо ордерине карабай, жубайына зомбулук көрсөткөн. Бишкекте 49 жаштагы жаран кармалды
Бишкекте уурдалган телефондор сатылган жайлар аныкталды. Алар ээлерине кайтарылды
22.09.2025 | 16:47
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан Бишкектеги «Беш Сары» соода борборунун аймагында жана Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөсүнүн кесилишиндеги тротуарларда уурдалган уюлдук телефондор сатылган жайлар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Уурдалган телефондорду саткандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, алар менен Кылмыш-жаза кодексиндеги «Кылмыш жолу менен алынгандыгы белгилүү болгон мүлктү сатып алуу же сатуу» беренеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле «Беш Сарыдан» алынган 109 уурдалган телефон өз ээлерине кайтарылып берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар