Ачыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталдыПрезидент маммекемелерде электр энергиясын үнөмдөөнү талап кылып, жарандары тынчсыздандырбоо керектигин эскертти
Эртеңден баштап Бишкекте электробустар каттайт
24.09.2025 | 16:12

Эртең, 25-сентябрдан тартып Бишкек шаарында жаңы келген электробустар каттамга чыгат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматта белгиленгендей, алгачкы этапта №4, №10 жана №11 маршруттарга чыгат.
Кийинки аптада №14, №66 жана №33 каттамдарга да электробустар коюлушу күтүлүүдө. Алардын ичинен №66 жана №33 – жаңыдан киргизилген багыттар. Ал эми №11 каттам мурдагы троллейбустун кыймыл схемасынын негизинде жаңыланып, эми заманбап электробустар менен тейленет.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын башында Кытайдан 120 жаңы электробус алынып келинген. Ошондой эле мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 реконструкцияланып, толугу менен электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом