Кудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайыБишкекте таштанды кайра иштетүү заводунун пилоттук эксплуатациясы башталды
Кыргызстанда 2 399 жаран социалдык мекемелерден жардам алышат
25.09.2025 | 17:40

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдөгү 17 социалдык стационардык мекемеде 2 399 жаранга кызмат көрсөтүлүүдө. Бул мекемелер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Жалпысынан кызмат алуучулардын ичинен 504ү – улгайган жана майыптуулугу бар жарандар.
Аталган мекемелердин айрымдары:
- Б. Салиева атындагы Төмөнкү-Серафимовкадагы улгайган жана майыптыгы бар жарандар үчүн ССМ – 289 адам;
- Бакай-Атадагы жалпы типтеги улгайган жана ДМЧ жарандардын ССМи – 78 адам;
- Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана майыптуулугу бар жарандар үчүн ССМ – 15 адам;
- Сузактагы жалпы типтеги улгайган жана майыптуулугу бар жарандардын ССМи – 97 адам;
- Токтогулдагы «Кара-Каш» ССМи – 25 адам.
Министрликтин билдирүүсүндө социалдык мекемелерде стационардык жардамга муктаж жарандардын ыңгайлуулугун камсыз кылуу иштери улантылып жатканы белгиленди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом