Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
УКМК: Кыргыз улуттук агрардык университетинде тартип бузуулар аныкталды
25.09.2025 | 17:45

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде (КУАУ) тартип бузуулар аныкталып, окутуучулар жазаланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуу жайдын ишмердүүлүгүнө комиссиялык текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында университеттин студенттеринин орто аралык аттестациясын өткөрүү боюнча жобо жана орто аралык аттестацияны өткөрүү боюнча тартип бузуулар аныкталган.
Мындан улам жогорку окуу жайдын 8 мугалимине тартиптик жаза берилип, маалыматтык системалар жана дистанттык билим берүү институтунун директору кызматынан төмөндөтүлгөн. Ошондой эле бир окутуучу жумушунан айдалып, 4 жогорку билим тууралуу диплом жокко чыгарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар