Новосибирскиде 10 жаштагы кыргызстандык баланын жүрөгүнө оор операция жасалдыУлуттук Урбан Форум – 2025. Бишкек мэри шаарды заманбап жана ыңгайлуу кылуунун жолдорун талкууладыБишкекте жөө өтмөктөн 16 жаштагы кызды сүзүп кетиштиМинКаб төрагасы МИК куруп жаткан үйлөрдү көрдүЖылдын мыкты мугалими — 2025. 112 мугалимдин арасынан Элзат Асанова жеңишке жеттиУКМК: Кыргыз улуттук агрардык университетинде тартип бузуулар аныкталды
Агартуу министрлиги 2025-жылдын мыкты мугалимин аныктады
25.09.2025 | 16:58

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы К. Үмүталиев атындагы №22 Долон жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Элзат Асанова «Жылдын мыкты мугалими» деп табылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республикалык конкурс 22-24-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан 111 талапкер катышып, 18 номинация боюнча жарышышкан.
Конкурстун республикалык этабы үч турдан туруп, катышуучулар төмөнкү сынактардан өтүшкөн:
- «Педагогикалык кырдаалдар» – педагогикалык иштин моделдерин билүү жана маселелерди чечүү боюнча тесттик сынак;
- «Мастер-класс» – кесиптик чеберчиликти көрсөтүү;
- «Сабак» – практикалык сабак өтүү сынагы.
Башкы жеңүүчүдөн тышкары калыстар тобунун чечими менен ар бир предмет боюнча жеңүүчүлөр аныкталган:
- Мыкты башталгыч класстар мугалими – Бишкек шаарындагы №68 Алыкул Осмонов атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими Ардак Токтоноева;
- Мыкты орус тили жана адабияты мугалими – Ош шаарындагы №43 З.М. Бабур атындагы мектептин мугалими Озада Салахудинова;
- Мыкты тарых мугалими – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы О. Турсуматов атындагы мектептин мугалими Азирет Асылбеков;
- «Адам жана коом» предмети боюнча мыкты мугалим – Ош шаарындагы №4 С. Киров атындагы мектептин мугалими Зулхумор Хафизова;
- Мыкты чет тил мугалими – Ош облусунун Өзгөн районундагы №14 А. Тангатаров атындагы мектептин англис тили мугалими Махабат Шорохова;
- Мыкты география мугалими – Ош облусунун Алай районундагы №4 Кадырмамат уулу Абдыразак атындагы жатак мектептин мугалими Эрали Абдиев;
- «Диндердин өнүгүү тарыхы» предмети боюнча мыкты мугалим – Нарын облусунун Кочкор районундагы Н. Жүндүбаева атындагы мектептин мугалими Надира Шаршенбаева;
- Мыкты музыка мугалими – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы М. Мамбетов атындагы мектептин мугалими Кубанычбек Урпалыев;
- Мыкты дене тарбия мугалими – Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ж. Асаналиев атындагы мектептин дене тарбия мугалими Асылбек Кыдыров;
- Көркөм сүрөт искусствосу боюнча мыкты мугалим – Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы А.С. Пушкин атындагы мектептин мугалими Айнура Чынасылова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом