Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Чүйдүн үч шаарындагы мектептерде бомба изделди
25.09.2025 | 16:49

Укук коргоо кызматкерлери Чүй облусунун үч шаарындагы мектептерде бомба издешти. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 24-сентябрда, болжол менен саат 12:44тө Чүй облустук милициясына №5 мектепте бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул номурдагы мектептер облустун үч шаарында болгондуктан, Токмок, Кант жана Кара-Балта шаарларынын мектептери текшерилген.
Милициядан билдиришкендей, билдирүү чындыкка дал келбегени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар