Ош шаарынын мэриясына электромобилдер тапшырылды

Ош шаардык мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү кызматтык унааларын электромбилдерге өткөрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-сентябрда, жаңы алты электромобиль унаалары шаардык кеңеш төрагасына жана мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчиге тапшырылган.
Мэрия бул демилге мэр Жеңишбек Токторбаев тарабынан шаар казынасын үнөмдөө жана экологиялык жактан зыянсыз унааларга өтүү максатында ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
“Ош шаарынын мэриясынын автогаражындагы унаалар ай сайын 3 тоннага жакын күйүүчү май коротуп, сатып алууга эле жылына 3 млн сомдон ашык каражат кетет. Андыктан бюджетти үнөмдөө менен электромобилдерге өтүү максаттуу жана экологиялык жактан да пайдалуу болуп саналат”,- деп айтылат маалыматта.