Сасык тумоо: өлкө боюнча 207 мектеп онлайн окууга өтүп, 217 бала бакча жабылдыТашиев Чүй проспектисин тарыткан Old Bishkek’тин курулуштарын алып салууну тапшырдыУКМК чет элдик адам шпионаж жасоого айыпталып соттолгонун билдирдиКыргызстанда суу менен камсыздоо тармагына инвестиция эки эсе өстүБаткендин Зардалы айылына алып барчу унаа жол жакында ачылатЧукул кабар! Унаа жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Садыр Жапаров: Шайлоого аралашкан мамкызматкерлер катуу жазаланат
30.09.2025 | 21:50

Президент Садыр Жапаров алдыдагы Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурдагы шайлоосуна байланыштуу элге кайрылып, мамлекеттик кызматкерлерди добуш берүү процессине кийлигишпөөгө чакырды.
Мамлекет башчысы белгилегендей, кимде-ким шайлоого аралашса, кызматтан кетирилип гана тим болбостон, катуу жоопкерчиликке тартылат.
«Айыл өкмөттөн баштап мага чейинки ар бир мамлекеттик кызматкерге, мугалимдерге, дарыгерлерге кайрылам. Шайлоого аралашпаңыздар. Ким аралашса, катуу жазаланат. Бирок талапкерлердин чогулушуна барып, алардын программасын угууга тыюу жок. Жүрөгүңөргө жаккан талапкерге добуш бериңиздер, бирок үгүт иштерине катышпаңыздар», — деди Жапаров.
Президент шайлоо процессин калыстык менен башынан аягына чейин жеке көзөмөлдөй турганын кошумчалады.