Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
Ошто шаар күнүнө арналган чоң гала-концерт өтөт
01.10.2025 | 11:13

Ош шаарынын мэриясы шаардыктарды жана конокторду 5-октябрь күнү борбордук стадиондо өтө турган Ош шаарынын күнүнө чакырат. Иш-чара саат 18:00дө башталат.
Салтанаттуу концертте кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана белгилүү аткаруучулар сахнага чыгышат. Алардын катарында:
Керим Турапов, Ибрагим Жунусов, Майрамбек Осмонов, Элера Кабылжан кызы, Курал Чокоев, Данияр Жанибек уулу, Арууке Кубатбекова, Шухрат Якубов, Азамат Токтокадыров, Темир Назаров, Фриман, Согдиана, Шахрух Хан, Мирбек Атабеков жана Артур бар.
Иш-чара Ош шаардык эл аспаптар оркестринин коштоосунда өтүп, алып баруучулар Айзада Жамгырчиева менен Чыңгыз Мырзаев болмокчу.
Мэриянын маалыматына ылайык, концертке кирүү акысыз.