Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
Кыргызстандык окуучулар Балкан олимпиадасында тарыхый ийгилик жаратты
01.10.2025 | 11:35

Кыргызстандык окуучулар XXXII Балкан информатика олимпиадасында тарыхый ийгилик жаратып, 2 алтын, 2 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган олимпиада Италиянын Удине шаарында 25-сентябрдан 1-октябрга чейин өткөн. Ага 16 өлкөдөн 70ден ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандын атынан төмөнкү окуучулар катышкан:
- Алтын медаль – Алихан Айдарбеков (Сейтек STEM мектеби, 12-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
- Алтын медаль – Ян Бобрус (Газпром Кыргызстан мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Медербек Осмонов
- Коло медаль – Нурислам Карыпжанов (Ч. Айтматов Сапат лицейи, 11-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
- Коло медаль – Рамазан Мананов (Сейтек STEM мектеби, 10-класс), даярдаган тренери Кылычбек Урайымов
Натыйжада Кыргызстандын командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээлеген. 1-орунду Румыния 2 алтын, 2 күмүш медаль менен алган.
Мындан тышкары, Алихан Айдарбеков жеке жыйынтыкта олимпиаданын эң күчтүү үчтүгүнө кирген.
Агартуу министрлиги бул жыйынтык Кыргызстан үчүн рекорддук көрсөткүч экенин билдирди. 2023-жылы Балкан олимпиадасында Кыргызстандын командасы бир гана коло медаль алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом