Садыр Жапаров балдарды жана аялдарды зордуктап, өлтүргөндөр үчүн өлүм жазасын киргизүүнү тапшырды

01.10.2025 | 12:49

Өлкө башчы Садыр Жапаров жаш балдарды зордуктагандарды жана кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тарткан ченемин киргизүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

“Мамлекет башчысы Президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу ченемин киргизүү”,- деп маалымдады басма сөз катчы.

Ошондой эле Алагозов киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин, бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчы терең өкүнүч менен кабыл алганын билдирди.

“Президент Садыр Жапаров айрыкча жаш балдарга жана кыз-келиндерге карата кылынган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияда”,- деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2007-жылы өлүм жазасын алып салган (акыркы жолу өкүм 1998-жылы аткарылган). Ал эми 2010-жылдын декабрь айында өлүм жазасын жоюуга багытталган Эл аралык жарандык жана саясий укуктар пактынын Экинчи Факультативдүү Протоколун кабыл алган.

Эске салсак, 29-сентябрда милиция кызматкерлери тарабынан 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип 41 жаштагы А.А.К. кармалган.

Scroll to Top