Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулатКыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыБлогер Sary Kyz: Мен Кыргызстандын туризм боюнча амбассадору болдум. Бул абдан сонунДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмаштыШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдө
Бүгүн борбордун бир катар көчөлөрүндө суу токтойт
02.10.2025 | 10:12

Бишкекте бүгүн, 2-октябрда саат 9:00дөн 17:00гө чейин бир катар турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерге ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суу өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Махатма Ганди көчөсүнөн тартып Күрөңкеев жана Дзержинский көчөлөрүнө чейин;
- Күрөңкеев көчөсүнөн түштүктү көздөй Дзержинский менен Фрунзе көчөлөрүнө чейин;
- Фрунзе көчөсүнөн Т. Молдо көчөсүнө, андан Рыскулов көчөсүнө чейин;
- Рыскулов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин, Манастан Чүй проспектисине чейин;
- Манас проспектисинен Рыскулов менен Турусбеков көчөлөрүнө чейин;
- Турусбеков көчөсүнөн Фрунзеге, андан Жаш Гвардия бульварына чейин.
Суу «Белинский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнүп, ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом