Чүй жана Жалал-Абадда мыйзамсыз сатылып жаткан тамеки жана алкоголдук продукциялар аныкталды

24.04.2026 | 10:46

Мамлекеттик салык кызматы Чүй жана Жалал-Абад облустарында акциздик маркасы жок продукцияларды сатуу фактылары аныкталганын билдирди.

Текшерүүдө Кант шаарындагы «Мырзабек» дүкөнүнөн акциздик маркасы жок 5 миң 510 куту тамеки табылган. Ал эми Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы турак үйдөн 1 миң 400 куту тамеки, 212 бөтөлкө алкоголдук жана 100 бөтөлкө алкоголсуз продукция табылып алынган. Аталган фактылар боюнча актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлгөн.

Салык кызматы ишкерлерди маркасы жок продукцияларды сактоодон жана сатуудан алыс болууга чакырат. Маркасы жок акциздик продукцияны 200 даанага чейин сатуу үчүн 100 миң сом айып пул каралган, ал эми 200дөн ашык санда сатуу үчүн 7 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ишкерлерге продукцияларды сатып алууда алардын аныктыгын «Salyk» мобилдик тиркемеси аркылуу текшерүү сунушталат.

Scroll to Top