Шакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйтУнаанын номерин кайра тариздөө кызматы эми «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүүЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен барат17-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштады
АКШдан канча кыргызстандык депортацияланганын ТИМ билдирди
24.04.2026 | 11:04
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда миграциялык саясаттын катаалдашуусунун — массалык депортациялардын, качкындарды кабыл алууну азайтуунун жана төрөлгөндө берилүүчү автоматтык жарандыкты жоюунун натыйжасында канча кыргызстандык өлкөдөн чыгарылганын Reporter.kg басылмасына айтып берди.
Алсак, 2025–2026-жылдары АКШдан Кыргыз Республикасынын 98 жараны депортацияланган.
Буга байланыштуу КР ТИМи чет өлкөдө жүргөн же ал жакка барууну пландап жаткан кыргызстандыктарды барган өлкөлөрүнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого жана керектүү документтерди өз убагында тариздөөгө чакырат.