КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Баш сөз: Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон төлөп берүүнү тапшырды
17.04.2026 | 21:06
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров эстелик датаны белгилөөгө байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана аларга теңештирилген жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду.
Документке ылайык, ар бир ардагерге 200 миң сомдон төлөнөт. Президенттин фондунан бул максаттарга бөлүнгөн каражаттын жалпы суммасы болжол менен 4,85 млн сомду түзөт.
Материалдык жардамды согуштун катышуучулары гана эмес, төмөнкү категориядагы жарандар да алышат:
- концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоочу жайлардын мурдагы жашы жете элек туткундары;
- «Ленинградды коргогондугу үчүн» медалы же «Ленинград курчоосунда жашаган тургун» белгиси менен сыйланган жарандар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом