Курорттук Кыргызстан: Советтер союзунан калган мурастан заманбап wellness-экономикага
Кыргызстандын санаторий-курорттук сектору акыркы эки жылда кескин бурулушка кадам жасады: кыйроо абалында турган абалдан кайра жаралууга чейинки жолду басып өтүүдө. Жакында эле 70%га чейин эскирип, чыгашалуу мүлк катары каралып келген жайлар, бүгүнкү күндө инвесторлорду тартуучу жайга жана туристтик экономиканын негизги кыймылдаткычтарынын бирине айланууда. 2025-жылдын 11 айында санаторий-курорттук комплекстин объекттеринен бюджетке 657,6 млн сом түштү, бул жылдык пландан дээрлик 10%га көп. 2025-жыл ичинде өлкөгө келген жалпы туристтик агым дээрлик 21 млн чет элдик жаранды түздү, бул 2024-жылга салыштырмалуу 18,6%га жана 2023-жылга салыштырмалуу 20%га көп.

Кыргызстандын туризм тармагына атайын изилдөө жүргүзгөн Atlas аймактарды өнүктүрүү боюнча эл аралык изилдөө бюросу – бул өсүш Кыргызстандын туристтик өлкө катары кабыл алынышындагы түпкү өзгөрүүлөрдү дадилдей турганын белгилейт.
Изилдөөнүн корутундуларына кыскача токтолсок, төмөндөгүдөй: Кыргызстандын санаторий-курорттук кызмат көрсөтүү рыногу эки ача кырдаалда калды. Өлкөдөгү рекорддук туристтик агымдын жана дүйнөлүк wellness-туризмдин өсүү фонунда жергиликтүү ден соолукту чыңдоочу жайлардын басымдуу бөлүгү акча төлөөгө даяр конокко заманбап продукт сунуштай алышпайт. Өлкөдөгү санаторийлердин дээрлик бардыгы, тактап айтканда 97%ы, толук кандуу wellness-сунуштарын түзүшпөйт, алар советтик базалык дарылоо программасы же кызматтардын иретсиз топтому менен гана чектелишет. Ошол эле учурда объекттердин абалынын эскириши жакында эле критикалык абалга жеткен болчу. Мамлекет аларды модернизациялоого жана жаңы долбоорлорду түзүүгө, анын ичинде атайын түзүлгөн дирекция аркылуу ондогон миллион доллар инвестицияларды тартты.
Бирок Atlas’тын маалыматтары көрсөткөндөй, оңдоп-түзөө жана реконструкция иштерине гана инвестиция салуу жетишсиз. Өлкөдөгү туристтик уюмдардын 87,6 пайызын жеке ишкерлерден турат. Ошондой эле рынок өтө фрагментацияланган, санариптик жетилүү деңгээли төмөн, ал эми ири санаторийлер төмөн жана орто баа сегментине багытталган. Натыйжада премиалдуу, аутентикалык жана медициналык жактан негизделген эс алууга болгон «ачыла элек» суроо-талап канааттандырылбай калууда.

Кыргызстандын санаторийлери longevity жана биохакинг сыяктуу глобалдык тренддерге кошула алышат. Ал эми Нарындан Баткен облусуна чейинки көптөгөн аймактар жашыруун потенциалга ээ жана инвесторлор кымыз менен дарылоочу жана ат маршруттары бар чакан эко-санаторийлерден баштап, советтик ден соолукту чыңдоочу жайларды 5 жылдыздуу курортторго айлантууга чейинки каалаган форматтарды карап чыга алышат.
Өлкө бара-бара туризм картасындагы жөн гана аймак болуудан чыгып, таанылган ден соолукту чыңдоочу эс алуу борборлору менен атаандаша алган толук кандуу wellness-курорт катары өзүн сунуштоого өтүүдө. Бирок, республика азырынча бул жолдун алгачкы баскычында гана турат.
Кайра куруу
Өзгөрүүлөрдүн негизги драйвери деп 2024-жылдын мартында Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы «Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциянын» түзүлүшүн айтсак болот. Буга чейин мамлекет башчысынын критикалык абалда турган Кесиптик бирликтер федерациясынын санаторийлерин жана пансионаттарын жеке кыдырып чыгуу чечими негиз болгон.
«Башкаруучу — кесиптик бирлик жетекчилиги тарыхый жактан активдерди коммерциялык натыйжалуу башкарууга жөндөмсүздүгүн көрсөттү, — деп белгиледи Reporter.kg менен болгон маегинде экономист, КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кеңешчиси Нургүл Акимова.
Жыйынтыгы — борборлоштурулбаган моделде топтолгон карыздар гана болду.
«Объекттердеги финансылык абал өтө оор болчу. Алар атүгүл өз чыгымдарын да жаба алышкан эмес. Жыл сайын салыктар, коммуналдык кызматтар, эмгек акы боюнча карыздар чогулуп келген. Жалпы карыз 87–90 миллион сомду түзгөн», — деп билдирди дирекциянын башчысы Данияр Токтотемиров.
Кесиптик бирликтер федерациясынан өткөрүлүп алынгандардын арасында советтик мурастын белгилүү жайлары бар: «Жети-Өгүз», «Ысык-Ата», «Көгүлтүр Ысык-Көл», «Кыргызстан», «Жалал-Абад», «Арстанбап» пансионаты, ошондой эле Бишкектеги «Достук» жана «Саякат» мейманканалары.
Модернизациялоо бир нече багытта жүрүүдө. «Ысык-Ата» санаторийи толугу менен калыбына келтирилип, ишке киргизилди. Бул максатта 500 млн сом сарпталды. Ушундай эле каражатка «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору курулду, ал мурда спорттук-дарылоо методикалары боюнча иштеп жатат.

«Бул жылы биз «Уланды» эл аралык стандарттардын деңгээлине жеткирүүнү каалайбыз, — дейт Данияр Токтотемиров.
Ал жыл бою иштөөчү объект катары пландалган: жайында балдар лагери, сезон аралык учурда машыгуулар үчүн спорттук база. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Ысык-Көлдүн орто тоолуу аймагы спортчуларды даярдоо үчүн оптималдуу вариант. Ал жерде футбол, баскетбол, волейбол аянтчалары, теннис корту курулган. Спортчулар үчүн дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексин куруу пландалууда жана ошондой эле минералдык булакты пайдалануу менен SPA-зонаны курулууда.
«Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде кабыл алуу бөлүмү, кире бериш зонасы жаңыланды, биринчи корпустун беш кабаты оңдолду, спорттук аянтчалар реконструкцияланды. «Жалал-Абад» санаторийинде 2024-жылы 40 орундуу жаңы имарат жана алты A-frame үйлөрү курулду, 2025-жылы чоңдор үчүн ачык бассейн жана балдар бассейни курулуп, минералдык суу ичүүчү павильон жаңыланды, дагы эки A-frame үйү тургузулду.
Эң масштабдуу реконструкция «Жети-Өгүз» санаторийинде аткарылды, ал жерде аянттардын 70%дан ашыгы жараксыз болуп буздурулган. 500 млн сомдук реконструкция 2026-жылы объектини толук ишке киргизүүнү болжолдойт. 2025-жылдын күзүндө Президенттин иш башкармалыгы «Жети-Өгүз», «Көгүлтүр Ысык-Көл» жана «Улан» балдар борборун ишке тапшырууну пландаган. Жалпысынан модернизациялоо программасына Кесиптик бирликтер федерациясынын 29 санаторийи жана курорту киргизилген, алар иштер аяктагандан кийин Кесиптик бирликтерге кайтарылып берилет.
«Көгүлтүр Ысык-Көлдө» 100дөн ашык орундуу 4 жылдыздуу отель форматындагы жаңы корпус курулду, — деп улантат Данияр Токтотемиров.
«Башкарууга өткөнгө чейин санаторийдин таза кирешеси болжол менен 30 миллион сомду түзчү. 2024-жылы биз аны 62 миллион сомго чейин көбөйттүк, 2025-жылдын 9 айында киреше 65 миллион сомду түздү. Бул каражаттар инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат. «Уландын» биринчи этабы аяктады, экинчи этапты аяктоо жана аймакты көрктөндүрүү апрель айынын аягына пландалууда, май айына чейин объект толук иштеп калышы керек»,-дейт ал.
Бирок Нургүл Акимованын пикиринде, бул объекттерди кайра Кесиптик бирликтерге структуралык чектөөлөрсүз өткөрүп берүүдөн кийин жоопкерчиликсиз мамиле жасоо кырдаалы жаралат.
«Кесиптик бирликтер кийинки мүмкүн болгон деградация үчүн жоопкерчилик тартпастан, калыбына келтирилген баадагы активге ээ болушат. Бул алгачкы кыйроого алып келген стимулдардын так өзү. Чечим катары финансылык милдеттенмелер системасын ишке киргизүү же активдерди кредиттик келишимдин шарттарына окшош, туура түзүлгөн милдеттенмелер менен өткөрүп берүү шарты болушу мүмкүн. Ошондой эле жылдык кирешенин белгиленген пайызынан кем эмес капиталдык салымдарды жумшоо боюнча милдеттенмелерди жана натыйжаларын жарыялоо менен жыл сайын көз карандысыз аудит жүргүзүүнү иштеп чыкса болот»,– дейт ал.
Борбор калаадагы «Достук»
Өзүнчө инвестициялык долбоор Бишкектеги «Достук» жана «Саякат» мейманкана комплекстерин реновациялоого тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 30 млн долларга чейин жетиши мүмкүн. Эки объект тең ондогон жылдар бою капиталдык ремонт көргөн эмес, инженердик тармактар эскирген, электр системалары авариялык абалда болгон.
«Саякат» туристтик комплексин жана «Достук» мейманкана комплексин капиталдык оңдоо уланууда, — дейт Данияр Токтотемиров.
«Алсак, «Саякат» туристтик комплекси боюнча россиялык компания 5 млн доллар өлчөмүндө инвестиция салды, ал эми «Достук» мейманкана комплексин толук реновациялоо үчүн тартылган инвестициянын көлөмү 15тен 25 млн долларга чейин жетет.
Реновация аяктагандан кийин «Достук» ижарага берилет жана жылдык төлөмү 2029-жылга карата жылына дээрлик 101 млн сомго жетет»,-дейт адис.
Нургүл Акимованын пикиринде, инвесторлордун мотивациясы бул жерде, башка нерселер менен катар, калыптанып жаткан рынокто өз ордун ээлөө болуп саналат.
«Эл аралык тармактар тарабынан атаандаштык жок учурда Бишкектин бизнес-мейманкана сегментинде үстөмдүк кылуучу позицияны ээлөө бул алгачкы баруучунун артыкчылыгы — деп ишенет ал. Рынок өсүп жаткан учурда мындай позициянын баасы 5 жылдан кийин бүгүнкүдөн кыйла жогору болот»,— деп белгилейт.
Туризм-инвест
Муну менен катар эле Ыссык-Көл облусунда башка инвестициялык чечим менен «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа курортунун масштабдуу курулуш долбоору ишке ашууда. Бул Борбор Азиядагы эң ири тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча амбициялуу мамлекеттик долбоор.
«Жыргалаң» кластери «Жыргалаң», «Ак-Булак» жана «Боз-Учук» зоналарын бириктирип, трассалардын жалпы узундугу 250 чакырымга жакын болот. Австриялык Doppelmayr компаниясы асма жолдорду куруп жатат: май айында узундугу 4 чакырым болгон алгачкы эки трасса курулуп бүтөт. Бийликтин эсеби боюнча, курорт жылына 2 млн туристти кабыл ала алат жана 4,6 миңден ашык адамды жумуш менен камсыз кылат. Коммуникацияларды (жолдор, электр энергиясы, ичүүчү суу, тазалоочу курулмалар) КРнын тийиштүү министрликтери куруп жатат.

Инвесторлор аукцион аркылуу тартылат. Чет элдиктерге 49 жылга ижарага берүү укугу, ал эми өз жарандарыбызга жер тилкелерине менчик укугу сатылат. Биринчи этапта 2025-жылы 472,5 млн сомго 14 лот ишке ашырылды, кышка карай мейманканалар үчүн алгачкы котловандар пайда болду. Ар кандай категориядагы мейманканалар жана инфраструктура объекттери үчүн 36 тилкени сатуу боюнча аукциондун экинчи этабы жакында, 2026-жылдын апрелинде өттү. Лоттордун жалпы старттык баасы — 765,7 млн сом, лоттун минималдуу баасы — 1,8 млн сом, максималдуусу — 66 млн. Тилкелердин аянты 4 сотыхтан 6 гектарга чейин өзгөрөт.
«Тамчы» оффшору
Эң маанилүү институционалдык кадам Ысык-Көл облусунда «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүү. Мыйзамга президент тарабынан 2025-жылдын 10-июлунда кол коюлуп, 25-июлда күчүнө кирген.

Долбоордун маңызы Ысык-Көлдүн жээгинде Dubai International Financial Centre (DIFC) жана Astana International Financial Centre (AIFC) модели боюнча иштей турган өзгөчө укуктук режими бар аймак түзүү. Инвесторлор үчүн салыктык жана укуктук жеңилдиктер каралган: корпоративдик киреше салыгынан жана мүлк салыгынан бошотуу, чет элдик кызматкерлер үчүн жеңилдетилген режим жана валюталык операциялардын эркиндиги.
Аймакты башкаруу мамлекеттен көз карандысыздык принцибинде курулат: башкаруу боюнча кеңеш, башкаруучу компания, финансылык жөнгө салуучу, каттоочу жана англис укугунун ченемдерин колдонуу менен талаштарды чечүүчү көз карандысыз эл аралык борбор. Мыйзам өндүрүшкө, туризмге, санатордук-курорттук чөйрөгө жана транспорттук инфраструктурага инвестиция тартууга багытталган.
Сырттагы абал
Республиканын өнүгүү потенциалы абдан чоң. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын жайкы сезонунда Ысык-Көл облусуна 2 млн 334 миң турист келген. Жалпысынан республикада июнь–август айларында 3 млн 533 миң адам эс алган. Көлдүн жээгиндеги туристтик кызматтардын саны 2019-жылга салыштырмалуу үч эсе өскөн: коомдук тамактануучу жайлардын саны 360тан 963кө, мейманкана жана конок үйлөрүнүн саны — 627ден 1833кө чейин көбөйгөн. Ошол эле учурда уюшулган сектордо 598,4 миң гана адам эс алган. Ал эми калгандары конок үйлөрүнө жана жеке турак жайларга жайгашкан. Жалпысынан Ысык-Көлдө уюшулбаган туристтерди кабыл алган 6330 үй чарбасы бар.

Уюшулбаган сектордо бир суткага орточо чек 1 500 – 2 000 сом болгондо, бир гана үй чарбалары сегментинин жалпы кирешеси сезондо болжол менен 1,9 – 2,6 млрд сомду түзөт, — деп белгилейт Нургүл Акимова.
«Патенттик салыктын ставкасы 3–5% болгондо, бул жылына 57–130 млн сом, алар учурда бюджеттен толугу менен түшпөй калууда. Уюшулган жана жеке сектордун ортосундагы ажырым, бул эрте рыноктун классикалык индикатору.

Кырдаал Чыгыш Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы курорттук аймактарды өнүктүрүүнүн алгачкы этаптарында болгон окуяларды кайталап, эске салат: ири тармактык операторлор жок учурда жогорку чачырандылык жана чакан бизнестин үстөмдүгү. Инвесторлор үчүн бул мүмкүнчүлүктөр терезеси: биринчилерден болуп системалуу курорттук продукт сунуштагандар өсүп жаткан рыноктун эң чоң үлүшүнө ээ болушат.
«Мурас»
Борбор Азияны бүтүндөй алганда, санаториялык сектор бир нукта өнүгүүдө деп айтууга болбойт. Казакстанда 330дан ашык санаторий иштейт, бул региондогу эң жетилген рынок, анда инвесторлорго алгачкы жылдары корпоративдик киреше, жер жана мүлк салыктарына нөлдүк ставкаларды берген KazakhInvest улуттук компаниясы аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.
Өзбекстанда 405ке жакын санаторий-курорттук профилдеги объект бар, өлкө чыгыш медицинасынын салттарына таянуу менен «Авиценна» медициналык туризминин улуттук брендине басым жасоодо.
Кыргызстандын өзүнүн wellness-бренди жок, жана бул стратегиялык боштук, деп ишенет Нургүл Акимова.
«Минералдык сууларды өндүрүү 2024-жылы 9%га кыскарды, сувенирлерди өндүрүү 43%га төмөндөдү. Ошол эле учурда боз үйлөрдү өндүрүү 1,6 эсеге, улуттук килемдерди жана калпактарды өндүрүү 1,9 эсеге өстү. Бул нукура продукцияга суроо-талап бар экенин, бирок ал брендге айлана электигин билдирет»,-дейт Акимова.
Анткен менен, республика азырынча өзү да туристтик бренд боло элек.

Биз ушундай деп айткыбыз келет, бирок реалдуулук башкача. Дүйнөдөгү көптөгөн адамдар үчүн Кыргызстан дагы деле белгисиз өлкө бойдон калууда, — дейт Travel Expert туристтик компаниясынын негиздөөчүсү Сергей Глуховеров.
«Көп учурда чет өлкөдө Кыргызстан десең, адамдар эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнүшпөйт. Казакстан аркылуу, регион аркылуу, кошуналар аркылуу түшүндүрүүгө туура келет. Бул алыскы чет өлкөлөргө эле эмес, атүгүл КМШ өлкөлөрүндө да көбү биздин кайда экенибизди жакшы биле беришпейт. Ошондуктан алдыда дагы чоң иштер турат: Кыргызстан жөнүндө билиши үчүн, өлкө картадагы жөн эле чекит эмес, түшүнүктүү жана жаркын образ менен байланыштырылышы керек»,-деди адис.
Сандык көрсөткүчтөргө кайтып келе турган болсок, алар сапаттык абалды чагылдырбайт. Региондогу санаторийлердин олуттуу бөлүгү советтик мезгилде курулган жана эскирген инфраструктура форматында иштейт, бул Кыргызстан да туш болгон жалпы көйгөй.
Бирок ыкмаларда айырма бар: эгер Казакстан менен Өзбекстан эл аралык операторлорду жана бренддерди тартууга басым жасаса, Кыргызстан дирекция жана «Тамчы» зонасы аркылуу институционалдык кайра түзүү жолу менен баратат.
«Оптималдуу стратегия эки моделдин ортосунда тандоону талап кылбайт, — деп ишенет Нургүл Акимова.
«Флагмандык объекттердеги бир-эки эл аралык оператор рыноктук стандартты белгилейт жана төлөм жөндөмдүү конокторду тартуу үчүн канал түзөт. Бул өзөктүн тегерегинде жетишилген стандартка багытталган ата мекендик инфраструктура өнүгөт. Хорватияда, Черногорияда жана Грузияда модель так ушундай иштеген — үч учурда тең бир нече эл аралык тармактардын болушу 5–7 жылдын ичинде бүтүндөй тармак боюнча тейлөөнүн жалпы деңгээлин олуттуу көтөргөн»,-дейт Акимова.
Борбор Азиянын регионунда ийгиликтүү трансформациянын мисалдары бар. Казакстандагы Rixos Borovoe мейманкана инфраструктурасын, медициналык борборду, термалдык комплекстерди жана активдүү эс алуу программаларын бириктирди. Өзбекстандагы Silk Road Samarkand медициналык жана wellness-программаларды кеңири туристтик кластерге интеграциялады. Кыргызстанда жаңы форматтын мисалы катары Бишкектин жанындагы медициналык борборду, спа-инфраструктураны жана тоо табиятын бириктирген Jannat Resort & Spa кызмат кылат. Бирок республикада мындай долбоорлор азырынча саналуу гана.

Тренддер
Санаториялык сегментке болгон глобалдык кызыгуу wellness-туризмдин өсүшү менен гана эмес, керектөө моделинин өзгөрүшү менен да түшүндүрүлөт. Global Wellness Institute’тун маалыматы боюнча, wellness-багыттарды тандаган эл аралык туристтер бир сапарга орточо эсеп менен 1640 доллар коротушат, бул кадимки туристтерге караганда 35–38%га көп.
Ички сапарлар боюнча ажырым андан да жогору: wellness-туристтердин чыгымдары кадимки туристтик чыгымдардан эки эседен ашык болушу мүмкүн.
Ошол эле учурда wellness-саякаттардын 83%ы — бул «экинчилик» wellness-туризм деп аталат. Мында ден соолукту чыңдоону каалагандардыр саякатынын бир бөлүгү болуп калат. Адам иш сапарына же эс алууга барышы мүмкүн, бирок ал өзүнүн жашоо образын колдогон инфраструктураны тандайт: дени сак ашкана, спорттук активдүүлүк, табигый чөйрө же калыбына келтирүүчү процедуралар. Жүрүм-турумдагы бул өзгөрүү wellness-инфраструктураны дээрлик ар кандай туристтик долбоордун маанилүү бөлүгү кылат.
Заманбап курорттор бир нече киреше булактарын бириктирген көп функциялуу долбоорлорго айланууда: мейманкана, медициналык сервистер, спорттук инфраструктура, гастрономия жана рекреациялык мейкиндиктер. Иш жүзүндө кеп девелопменттин жаңы категориясы — wellness-кыймылсыз мүлк жөнүндө болуп жатат. Мындай долбоорлор жыл бою иштейт, эл аралык аудиторияны тартат жана коноктордун туруктуу агымын түзөт.
Биздин эски көйгөйүбүз туристтик сезондун кыскалыгы, — дейт Сергей Глуховеров.
«Июндан октябрдын ортосуна чейин бизде бардыгы толуп турат, андан кийин токтоп калуу болот. Ошондой эле бүгүнкү күндө Кыргызстандагы туризм үчүн башкы милдеттердин бири жыл бою иштегенди үйрөнүү»,–дейт ал.
Албетте, ушуга байланыштуу мындай трансформациянын эң жаркын мисалдары республиканын чегинен тышкары. Германиялык Lanserhof Tegernsee медициналык борборду, премиалдык архитектураны жана табигый ландшафтты бириктирип, европалык деңгээлдеги превентивдик медицинанын борбору болуп калды. Сочиде советтик санаторий RODINA Grand Hotel & SPA — премиалдык wellness-курорт болуп реконструкцияланган. Казакстанда ушундай эле жолду Алматыдагы Swissôtel Wellness Resort Alatau басып өткөн.
Өсүү чекиттери
Кыргызстан wellness-туризмди өнүктүрүү үчүн бир нече негизги артыкчылыктарга ээ.

Биринчиси, уникалдуу табигый ресурстар. Бийик тоолуу климат, минералдык булактар, дарылоочу баткактар, дүйнөдөгү эң ири бийик тоолуу көлдөрдүн бири Ысык-Көл. Потенциал кыйла кеңири: Альп ландшафттары менен Жыргалаң өрөөнү, Бишкектин жанындагы «Ала-Арча» улуттук паркы, түштүктөгү «Сары-Челек» көлү, уникалдуу микроклиматы бар реликттик жаңгак токою «Арсланбап», бийик тоолуу slow tourism концепциясы үчүн Нарын платосу.
Экинчиси, өсүп жаткан туристтик агым. Кирүүчү агым 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу 18,6%га өсүп, дээрлик 21 млн чет элдик жаранды түздү. Бул жөн гана классикалык түшүнүктөгү туристтер эмес, чек ара кызматы өсүштү туристтик инфраструктуранын жакшырышы, эл аралык маршруттардын кеңейиши жана ишкердик байланыштардын өсүшү менен байланыштырат.
Үчүнчүсү, салыштырмалуу эркин рынок. Ири эл аралык операторлор дээрлик жок, атаандаштык төмөн, ал эми жаңы долбоорлор үчүн кирүү босогосу жеткиликтүү бойдон калууда.
Төртүнчүсү, институционалдык кайра түзүү. Санаторий-курорттук объекттерди башкаруу боюнча дирекция өзүнүн натыйжалуулугун көрсөттү, ал эми «Тамчы» зонасы салыктык жеңилдиктер менен уникалдуу укуктук режимди түзүүдө.
Кеңири форматтагы Wellness
Жаңы долбоорлордун форматтары жөнүндө суроо ачык бойдон калууда. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, ийгиликтүү wellness-курорттор ар кандай болушу мүмкүн: ири медициналык борборлордон баштап чакан retreat-курортторго жана глэмпингдерге чейин. Монголиядагы Terelj Lodge & Glamping wellness-программаларды салттуу боз үйлөрдө жашоо менен айкалыштырат, Япониядагы Hoshinoya Fuji Фудзинин этегиндеги глэмпинг. Мындай форматтар ири курортторду куруу табигый шарттар менен чектелген тоолуу аймактар үчүн өзгөчө кызыктуу.

«Туризм — бул жөн гана сезондук индустрия эмес, региондордун экономикасын кайра жүктөөгө жөндөмдүү стратегиялык «алтын кен». Бирок тренддер жана продукт менен кылдат иштөө, туристтердин суроо-талабына туура келүү маанилүү. Алар эмнени издешет? Эң кеңири маанидеги Wellness: тынчтык издөө, антистресс-практикалар жана узак жашоо стратегиялары технологиялар үстөмдүк кылбай, тескерисинче, жеке эмоционалдык тажрыйбаны күчөткөн чөйрө, — деп түшүндүрөт Atlas бюросунун продукт боюнча директору Дарья Коваленко.
Девелоперлер үчүн заманбап конок архитектуралык кабык үчүн эмес, маани-мазмун жана эс алуунун уникалдуу сценарийи үчүн төп келерин түшүнүү маанилүү. Аймакты өнүктүрүүдө бүгүнкү күндө объекттердин көп функциялуулугуна жана жыл бою иштөөсүнө басым жасоо маанилүү, мында иш-чаралар программасы жана сапаттуу мазмундун кайтып келүү каалоосун калыптандырат. Күчтүү жер бренди ландшафт, жана тарых. Борбор Азиянын нукура тажрыйбасы менен терең байланышсыз мүмкүн эмес. Ушундай жол менен гана биз дүйнөлүк деңгээлде атаандаштыкка жөндөмдүү продукт түзөбүз»,– дейт Коваленко.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандагы санаторий туризми советтик мурас жана эскирген инфраструктура тууралуу тарых болуудан алыстоодо. Учурда рынок социалдык моделден коммерциялык моделге, мамлекеттик башкаруудан мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө, сезондук эс алуудан жыл бою иштөөчү wellness-курортторго өтүү баскычында турат.
Девелоперлер үчүн бул өзүнчө объекттер менен эмес, жаңы туристтик экосистемаларды, тактап айтканда, курорттук комплекстерден баштап бүтүндөй рекреациялык аймактарга чейин түзүү менен иштөө мүмкүнчүлүгүн билдирет. Кыргызстанда жаңы муундагы санаторийди биринчилерден болуп курган адам муну минималдуу атаандаштык менен жана жеңилдетилген шарттарда ишке ашырат. Маселе болгону башка регионалдык оюнчулар өз долбоорлору менен жаап салганга чейин, өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүктөр терезесин пайдаланып калууга үлгүрөбү же жокпу, ошондо турат.
Маалымат: Материалда Atlas изилдөө бюросунун, Чек ара кызматынын, Экономика министрлигинин, Санаторий-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объекттердин ишин башкаруу боюнча дирекциянын жана Улуттук статистика комитетинин маалыматтары колдонулду.