Бишкекте маалыматтык коопсуздук темасындагы тренинг болуп өттү

02.10.2025 | 12:06

30-сентябрда Улуттук тарых музейинде Медиамектеп долбоорунун алкагында «Маалыматтык коопсуздук жана жоопкерчиликтүү контент» тренинги болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп, ага журналисттер, редакторлор, эксперттер жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан.

Тренингде экстремизмге жана терроризмге каршы туруу, укук бузуулардын алдын алуу жана зордук-зомбулуктан коргоо, ошондой эле балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо темалары талкууланган.

Иш-чаранын соңунда жыйынтыктар чыгарылган. Министрлик бул темалар коомдун санариптешүүсү, маалыматтык коркунучтардын өсүшү жана журналисттердин жоопкерчиликтүү, кесиптик иш алып баруу көндүмдөрүн калыптандыруу зарылчылыгы шартында өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

Scroll to Top