Токмокто Central Asia Hub индустриалдык паркы курулат

02.10.2025 | 15:13

Central Asia Capital фонду президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Токмок шаарында Central Asia Hub индустриалдык паркын курууну баштады. Бул тууралуу аталган фонддун сайтында кабарланды.

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыктын алкагында, өлкө президенти Садыр Жапаров жана Орусия окмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин колдоосу менен ишке ашат.

25-сентябрда Токмок шаарынын мэри Алтынбек Эргешов менен Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Орусиянын Кыргызстандагы соода өкүлү Айнур Саманов жана Central Asia Capital фондунун негиздөөчүсү Антон Собин жолугушкан.

Жолугушууда Токмоктун мэриясы делегацияга «Central Asia Hub» индустриалдык паркы үчүн бөлүнгөн жер тилкесин тааныштырган. Аталган парк «Muras» улуттук брендиндеги автоунааларды өндүрүүнүн базасы болот.

Scroll to Top