Чыңгыз Эсенгул уулу Түркиядагы соода өкүлү болуп дайындалды

Кыргызстандын Түркиядагы жаңы соода өкүлү болуп Маданият министринин мурдагы биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу дайындалды. Тиешелүү буйрукка экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы өкүл буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев менен жолугуп, кыргыз-түрк соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, экспортту колдоо жана бизнес демилгелерди көтөрүү маселелерин талкуулаган.
Темир Сариевдин айтымында, Чыңгыз Эсенгул уулунун тажрыйбасы кыргызстандык компаниялардын кызыкчылыктарын Түркия рыногу менен тез жана натыйжалуу байланыштырууга өбөлгө түзөт.
Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, түрк рыногу ата мекендик бизнес үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Анын ичинде:
- түрк компаниялары менен B2B өнөктөштүк түзүү,
- экспорттоочуларды колдоо,
- өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармагындагы жаңы кызматташтыктар.