Шайлоо: БШК шайлоочулардын алдын ала тизмесин жарыялады

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
БШКнын маалыматына ылайык, өлкө боюнча алдын ала тизме 4 миллион 287 миң 222 шайлоочуну камтыйт.
Бул тизме «Кызмат» мамлекеттик мекемеси тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтарынын негизинде түзүлүп, «Тизме» (https://tizme.gov.kg/) порталына жайгаштырылган.
Тизмелердин кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрү 14-октябрга чейин өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасында илинет.
Шайлоочулар өздөрүн тизмеден 19-ноябрга чейин (кошо алганда) текшере алышат:
- 1255 же 119 кыска номерлерине чалып,
- tizme.gov.kg сайты аркылуу,
- же паспорттогу ПИН-кодду 119 номерине SMS түрүндө жөнөтүү жолу менен (SMS жана чалуулар акысыз).
Эгерде каталар же так эместиктер табылса, жаран электрондук форматта арыз менен кайрыла алат — бул үчүн «Тизме» порталындагы «Шайлоочунун кабинети» кызматы колдонулат.
Тизмеде жок жарандар биометрикалык каттоодон өтүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алышат.