Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
«Манас» аэропортунун аэробекети кийинки жылы жайында ишке берилет
06.10.2025 | 09:32

«Манас» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин курулушу 2026-жылдын жайында аяктайт. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” АККы билдирди.
Маалыматка ылайык, курулуш министри Нурдан Орунтаев менен “Кыргызстан аэропортторунун” башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жаңы аэробекеттин курулушунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүшкөн.
Анда долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары, курулуш иштеринин темпи, ошондой эле сапатты камсыздоо жана мөөнөттөрдү сактоо менен байланышкан маселелер каралган.
Эске сала кетсек, учурда оңдоо иштерине байланыштуу аэробекеттин имаратына кирүү чектелип, жүргүнчүлөргө гана уруксат берилген. Ыңгайлуу тосуп алуу жана узатуу үчүн учуу жана келүү таблосу имараттын негизги кире беришинин алдында, көчөдө жайгашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом