ЕБ Кыргызстандын билим берүү тармагы үчүн 6,5 млн евро грант бөлдү

08.10.2025 | 13:19

Европа Биримдиги (ЕБ) билим берүү тармагын колдоо максатында Кыргызстандын өкмөтүнө гранттык негизде 6,5 млн евро (болжол менен 663 млн сом) өлчөмүндө жардам бөлдү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Евробиримдиктин колдоосу Кыргызстандагы мектептик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, жынысына, этникалык жана тилдик таандыгына карабастан бардык балдар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Агартуу министрлигинин илим, технология, инженерия жана математика (STEM) багытындагы ишмердүүлүгүн колдоого, санариптик сабаттуулукту, медиа сабаттуулукту жана “жашыл көндүмдөрдү” илгерилетүүгө, ошондой эле  заманбап жаңы окуу китептери менен камсыздоого жардам берүүгө жумшалат.

“Бул транш Кыргызстандагы «Алтын Казык» улуттук билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан бөлүнгөн жалпы 27 миллион евронун үчүнчү төлөмү болуп саналат”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top