Бишкек милициясы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин урматтоо зарылдыгын эскерттиКонго Демократиялык Республикасында Эбола илдетинин эң ири очогу катталды20 млрд доллар: Жаңы «Асман» шаары кандай болот?Кытай Кыргызстандын суу чарба тармагына 370 даана техника беретКазакстанда 70 жылдан кийин алгачкы жолу жапайы жаратылышка жолборс коё берилди227 млн сом зыян: Башкы прокуратура гемодиализ боюнча кылмыш ишин козгоду
Кудрет Тайчабаров үй камагына чыкты
21.04.2026 | 15:14

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы директору Кудрет Тайчабаров үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 21-апрелде, Бишкектин Ленин райондук соту чыгарганын ЖМКлар жазууда.
Кудрет Тайчабаров 2025-жылдын ноябрь айында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен айып коюлган.
Ага чейин Тайчабаров Сокулук району боюнча №19 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткан. Ошол учурда соцтармактарда анын маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарап кеткен.
Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы аны “уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар” деп Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар