Кытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар

21.04.2026 | 16:27

Бүгүн, 21-апрелде, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров бир катар кытайлык компаниялар менен курулуш, кыймылсыз мүлк жана инфраструктура тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады.

Жолугушууга Кытайдын Guipai Holding Group, Hunan Jingwei Real Estate Development Co., Ltd. компанияларынын жана «Инвесфонд Тенгри Инвест» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышкан. Тараптар турак жай курулушу, шаардык комплекстерди өнүктүрүү, инженердик жана социалдык инфраструктура долбоорлорун карашкан.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө компаниялар Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгилеп, инвестицияларды коргоо, бизнес жүргүзүү шарттары жана мамлекеттик кепилдиктер боюнча маселелерди көтөрүшкөн.

Равшанбек Сабиров Кыргызстан инвестицияларды коргоонун мыйзамдык кепилдиктерин жана инвесторлор үчүн бирдей шарттарды камсыз кыларын билдирип, агенттик долбоорлорду ишке ашыруунун бардык этаптарында коштоп жүрөрүн айткан.

Кытайлык компаниялардын өкүлдөрү кыймылсыз мүлк жана өнөр жай тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбасы бар экенин жана «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы долбоорлорго катыша тургандыктарын билдиришкен. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар инвестициялык демилгелерди иштеп чыгууну улантуу боюнча макулдашышкан.

Scroll to Top