ӨКМ: 9 айда өлкөдө 10 өзгөчө кырдаал катталып, 16 адам каза болду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2025-жылдын 9 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, жыл аягына чейинки негизги милдеттерди белгиледи.
Министрликтин маалыматына ылайык. коллегиялык жыйын министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун төрагалыгы алдында өттү.
Жыйынга коллегия мүчөлөрү, министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
Министрдин орун басары Акылбек Мазарипов 9 айдын жыйынтыгы боюнча баяндама жасап, өзгөчө кырдаалдардын саны жана алдын алуу иштери тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, быйылкы 9 айдын ичинде өлкө аймагында 10 өзгөчө кырдаал катталып, алардын кесепетинен 16 адам каза болгон (негизинен жол кырсыгынан). Келтирилген материалдык чыгым 45 млн 580 миң сомду түзгөн.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 92,25%га, материалдык чыгым 96%га азайган.
Ошондой эле өлкө боюнча жалпы 3 286 кырсык катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 15%га көп. Каза болгондордун саны 243 адамды түзүп, 3,2%га азайган. Куткаруучулардын аракетинин натыйжасында 342 адамдын өмүрү сакталган, бул былтыркыга салыштырмалуу 46,15%га көп.
Селдин алдын алуу жана кооптуу аймактарды бекемдөө
Мазарипов белгилегендей, сел жана суу ташкындарынын алдын алуу максатында 241 объект пландаштырылып, анын ичинен 216сында иштер аткарылган. Натыйжада 11 128 кожолук жана 1 697 гектар айыл чарба жери коргоого алынган. Экономикалык натыйжалуулук 68,6 эсеге жогорулаган.
Мониторинг жана божомолдоо иштеринин алкагында 1563 изилдөө жүргүзүлүп, анын 798и сел жана суу ташкындарына, 245и жер көчкү процесстерине тиешелүү болгон. Изилдөөлөрдүн негизинде 1039 корутунду чыгарылып, 395 эскертме кат мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүлгөн.
Кышка даярдык күчөтүлөт
Жыйындын соңунда Азамат Мамбетов министрликтин тиешелүү кызматтарына кыш мезгилине карата күч жана каражаттарды даярдыкка келтирүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле ал акыркы жылдардагы оң көрсөткүчтөрдү белгилеп, кырсыктардын алдын алуу жана ыкчам чара көрүү иштерин мындан ары да жакшыртууну тапшырды.