Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Эвересттеги бороондон кийин 800дөн ашуун адам аман-эсен түшүрүлдү
09.10.2025 | 09:50

Кытайдын Тибет автоном районундагы Эверест тоосунан катуу бороондон кийин 580 турист жана 300дөн ашуун жол көрсөтүүчү менен топозчу аман-эсен түшүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар билдирди.
Маалыматка ылайык, баары Динжи уездиндеги Цюйдан айылынын аймагына жеткирилген. Андан мурда, 6-октябрда дагы 350 турист эвакуацияланган.
Эскерте кетсек, 4-октябрда башталган катуу жааган кар жана бороон деңиз деңгээлинен 4 900 метр бийиктиктеги туристтик лагерди каптап, натыйжада миңге жакын адам тоо башындагы убактылуу лагерлерде калган.
Куткаруу иштери Кытайдын жергиликтүү бийликтери жана тоо куткаруу кызматтары тарабынан жүргүзүлдү. Азыркы учурда бардык туристтер менен коштоочулар коопсуз жайларга жеткирилген.