Быйыл Талас шаарында 40 чакырым ички жолдор оңдолот жана курулат

21.04.2026 | 09:30

Талас шаарында жалпы узундугу 40 чакырымды түзгөн ички жолдорду куруу жана оңдоо иштери башталды. Учурда 12 көчөдө курулуш иштери жүрүүдө.

Долбоорду каржылоо республикалык бюджеттен жана президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Иштердин биринчи этабында 12 көчөдө 28 чакырым жол курулат. Экинчи баскычта дагы 7 көчөдө курулуш иштери башталат. Долбоорду ишке ашырууга 5 подряддык компания тартылган. Курулуш иштери 4 айга созулат.

Бул иш-чаралар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында жүргүзүлүүдө. Майрамдык иш-чаралар быйыл Талас облусунда өтөт.

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Джумаев жана Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев иштин жүрүшү менен жеринде таанышты. Облус башчысы курулушка байланыштуу борбордук көчөлөр убактылуу жабыларын белгилеп, тургундарды жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.

Scroll to Top