Кыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга бардыКыргызстанда үй интернетинин баасы канчалык — популярдуу операторлор боюнча баяндамаГабаладагы Саммит: транспорттук коридорлордон аскердик машыгууларга чейин — лидерлери эмнелер боюнча макулдашты?Кытайда миллиондогон унаа жол тыгынында: айдоочулар 1 сутка ашык жолдо калышкан
Кыргызстанда күйүүчү майга көзөмөл күчөтүлөт — өкмөттүн чечими
09.10.2025 | 10:11

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун нефть жана нефть продуктылары менен камсыздоо маселелерине арналган кеңешме өткөрдү.
Өкмөттүн маалыматында айтылгандай, тиешелүү министрликтер менен мекемелер учурдагы кырдаал боюнча маалымат берип, көйгөйлөрдү чечүү багытындагы сунуштарын айтышты.
Кеңешмеде буга чейин кабыл алынган чечим – Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык союзуна кирбеген өлкөлөргө нефть жана нефть продуктыларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу чечими эске салынды.
Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга:
- күйүүчү майга болгон бааны көзөмөлдөө,
- жетиштүү көлөмдө резервдерди түзүү,
- рыноктогу өзгөрүүлөргө өз убагында чара көрүү боюнча так тапшырмаларды берди.