Бишкектин айрым райондорунда бир нече күнгө газ өчүрүлөт — өчүрүү даталары жана даректери
Бишкектин айрым райондорунда бир нече күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаздын» басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, газ берүү коопсуз болушу үчүн төмөн жана орто басымдагы газ түтүктөрүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө газ берүү токтотулат:
— 13-14-октябрда Ибраимов, Сүйүнбаев, Осмонкул, Москва, Токтогул, Абдрахманов көчөлөрүндө, ошондой эле Жибек Жолу жана Чүй проспекттеринде газ болбойт;
— 14-15-октябрда Байтик Баатыр, Медеров, Панфилов жана Чыгыш Чоң чүй каналы көчөлөрүндө газ берүү токтотулат;
— 16-17-октябрда Жукеев-Пудовкин, Токомбаев, Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Безымянная көчөлөрүндө өчүрүлөт.
«Бишкекгаз» кызмат көрсөтүүдөгү ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, газ өчүрүлгөн учурда альтернативдүү энергия булактарын пайдаланууну сунуштады.