«Тазалык» ишканасы Бишкектин көчөлөрүн жууп-тазалоодоКыргызстан Орусияга сабиз экспорттоону көбөйтүүдөАлтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Балыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды
14.10.2025 | 16:04

10-октябрда саат 00:21 чамасында Балыкчы шаарындагы үйлөрдүн биринен 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Билдирүү Балыкчы шаардык милициясына катталып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыккан. Натыйжада 2012-жылы туулган кыздын сөөгү табылган.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Кыздын ата-энеси арыз жазуудан баш тартышканын, милицияга дооматтары жок экенин билдиришкен.