Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Кыргызстандык аскерлер Өзбекстанда «Бирлик-2025» машыгуусуна катышат
14.10.2025 | 16:22

Кыргызстандын аскер кызматкерлери Өзбекстанга машыгуу үчүн барышты. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-октябрда Куралдуу күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик колбашчылыгына караган 12545 аскер бөлүгүнүн аскерлери «Бирлик-2025» машыгуусуна катышуу үчүн Өзбекстандын Самаркан облусунун Каттакурган окуу борборуна келишкен.
Бул машыгууга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Азербайжан мамлекеттери катышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар