Мадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттү

15.10.2025 | 11:41

Мадагаскарда бир нече жума бою жүргөн нааразычылык акцияларынан кийин өлкөнүн президенти Андри Радзуэлина өлкөдөн качууга аргасыз болду. Ал эми аскерлер бийликти өз колуна алышканын билдиришти. Бул тууралуу Reuters маалымат агенттиги жазды.

Z-муунунун өкүлдөрү уюштурган төңкөрүштү жетектеген аскер башчы Майкл Рандрианирина улуттук радиодо: “Биз бийликти өз колубузга алдык”,- деп жарыялаган. Ошондой эле ал аскерлер төмөнкү парламенттик палатадан башка бардык институттарды тарката турганын билдирген.

Кийинчерээк Рандрианирина өлкөнү эки жыл бою аскер жетекчилиги башында турган комитет жана убактылуу өкмөт башкарарын, андан кийин жаңы шайлоо өткөрүлөрүн айткан.

Өлкөдө алгачкы нааразычылык акциялары 25-сентябрда башталган. Ага өлкөдө суу жана электр энергиясынын тартыштыгы себеп болгон. Акциялар тез арада эле коррупция, башкаруунун натыйжасыздыгы жана негизги кызматтардын жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөрдөн улам көтөрүлүшкө айланган.

Scroll to Top