Чыңгыз Айдарбеков ЖК депутатынын мандатынан баш тартты — ал кимге өтөтЖК төрагасы тажик спортчуларын Кыргызстанда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырдыӨкмөт мамлекеттик органдарда коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу тартибин бекиттиМарлен Маматалиев Казакстан Мажилисинин төрагасына Астанадагы көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын берүүнү сунуштадыКыргызстан менен Россия трансплантология жаатындагы кызматташтыкты күчөтөтАдылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү
Кыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
16.10.2025 | 21:21

13–19-октябрь күндөрү өлкө аймагында “Үйрөтүүчү транспорт каражаты” аттуу рейд өтүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Рейддин максаты — жол кырсыктарын алдын алуу жана айдоочуларды даярдоонун сапатын жакшыртуу.
Текшерүү учурунда авто-мектептердин окутуучу жана үйрөтүүчү унаалары каралып, төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулууда:
- кошумча педалдардын талапка ылайыктуулугу;
- айдоочулук китептер жана маршруттук схемалардын болушу;
- инструкторлордун квалификациясы.
Кемчиликтер аныкталган учурларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам бузган авто-мектептерге протоколдор түзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом