Европа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылат
Окуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталды
16.10.2025 | 22:13

Бишкек милициясы окуучуларга коркутуу билдирүүлөрүн тараткан адамдын өздүгүн тактады. Ал — Украина жараны, 20 жаштагы Ярослав Овсюк экени белгилүү болду.
Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, ал телефондук терроризм боюнча Россия тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн.
«Коркутуу тууралуу маалыматтар айтылган бардык мектептер текшерилип чыкты — шектүү буюмдар табылган жок», — деп билдиришти милициядан.
Укук коргоо органдары Бишкек тургундарын сабырдуу болууга жана паникага алдырбоого чакырат. Бардык билдирүүлөр кылдат текшерилип, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугун камсыздоодо.