Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
Бишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат
16.04.2026 | 15:31

20-апрелде Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө саат 09:00дөн 24:00гө чейин ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.
Суу өчүрүлө турган аймак Шабдан Баатыр проспектиси, Хивинская көчөсү (Лермонтов көчөсүнөн Ч. Валиханов көчөсүнө чейин) жана Достоевский көчөсү менен чектелет.
Суу «Тепличный» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом