Кыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жатат
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-март айларында ИДП 428,6 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1%га өскөн. Экономиканын түзүмүндөгү жарымынан көбү — 50,4%ы — тейлөө чөйрөсүнө туура келет. Өнөр жай жана айыл чарбасы 33,2%ды берсе, калган 16,4%ы продукцияга болгон таза салыктарды түзөт.
Өсүштү бир эле учурда бир нече сектор камсыз кылууда, бирок алардын ар биринин ичиндеги абал ар кандай.

Жалпысынан алганда өнөр жай сектору маанилүү бир жагдайга карабастан, оң динамиканы көрсөттү. Үч айдын ичиндеги өсүш боюнча лидерлер: химия тармагы 3,1 эсеге, жыгач иштетүү жана полиграфия 1,7 эсеге, фармацевтика 1,6 эсеге өстү. Транспорт каражаттарын өндүрүү 49,5%га, резина жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын чыгаруу 39,7%га, пайдалуу кендерди казуу 30,4%га жогорулады. Тамак-аш өнөр жайы, анын ичинде суусундуктар жана тамеки 17,9%га, мунай продуктулары 14,6%га, металлургия 10,5%га өстү. Кошумчалай кетсек, суу менен камсыздоо жана калдыктарды тазалоо сектору 10,1%га жогорулаган.
Бирок бул фондо энергетика өзгөчөлөнүп турат: электр энергиясын өндүрүү 8,2%га кыскарып, ушундан улам бүтүндөй электр жана газ менен камсыздоо сектору 5,6%га төмөндөп кетти. Бул биринчи чейректе терс динамиканы көрсөткөн өнөр жайдагы жалгыз сектор болуп калды.
Өнөр жайдагы көтөрүлүш керектөө рыногунун жанданышы менен коштолууда. Чекене соода 16,1%га, дүң соода 8,2%га өстү. Мейманканалар жана ресторандар тармагында 12,9% өсүш байкалып, мында бардык аймактар өзгөчөлүксүз оң натыйжа көрсөттү.
Курулушта да ушундай эле көрүнүш. Бул тармак 2025-жыл бою жана 2026-жылдын башында туруктуу өсүштү көрсөтүүдө: биринчи чейректин жыйынтыгы боюнча курулуштун дүң продукциясы өткөн жылдын ушул мезгилине карата 129,6%ды түздү, башкача айтканда, сектор дээрлик үчтөн бирге өстү. Оң динамика бир гана өзгөчө учур болгон Ош облусунан башка республиканын бардык аймактарында катталды.
Соода жана курулуштагы өсүш инвестициялык жигердүүлүк менен бекемделген. Ички каржылоо булактары биринчи чейректе 1,2 эсеге, тышкы булактар 1,5 эсеге өстү. Бардык салымдардын 91%га жакыны бир нече секторго: пайдалуу кендерди казуу, иштетүү өндүрүшү, транспорт жана жүктөрдү сактоо, энергетика, билим берүү жана турак жай курулушуна топтолгон.
Айлык акылар өстү
Экономикалык өсүш кирешелерге да таасирин тийгизди. Январь-февраль айларында бардык секторлордо айлык акылардын өсүшү байкалды. Эң чоң өсүш — айыл чарбасында (+28,8%), илимий-техникалык ишмердүүлүктө (+26,2%), энергетикада (+26,1%), каржы секторунда (+24,4%) жана кыймылсыз мүлк менен операцияларда (+24,5%) болду. Мамлекеттик кызматкерлер жана аскер кызматкерлеринин айлыгы 22,9%га көбөйдү.
Кызыгы, айлык акылардын эң көп өсүшү салттуу түрдө кирешеси аз болгон тармактарда, биринчи кезекте айыл чарбасында катталган.
Бирок баалар да өсүүдө
Айлык акылардын өсүшү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн байкаларлык кымбатташынын фонунда жүрүүдө. Жыл башынан бери керектөө баалары 3,3%га өстү. Эң көп кымбаттагандар: кызмат көрсөтүүлөр — 5,3%га, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар — 4,3%га, алкоголь жана тамеки — 3,1%га. Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баасы эң аз — 0,5%га өстү.
Азык-түлүк куржунунда март айына карата жумуртка (+18,9%), жаңы жашылчалар (+14%), пастеризацияланган сүт (+9,9%), мөмө-жемиштер (+7,7%), уй эти (+5,3%), кой эти (+5,1%), колбаса жана эт консервалары (+3,7%), картошка (+2,9%), кумшекер (+2,2%), өсүмдүк майы (+1,8%) жана балыктын (+1,0%) баалары эң көп өстү. Ал эми жаныбарлардын майлары (-1,1%) жана күрүч (-0,2%) гана арзандады.
Чейрек ичиндеги динамиканы карасак, март айы февралга караганда кыйла «ысык» болду: бир айдын ичинде баалар 1,3%га өстү. Жумуртка бир айда 13,5%га, пастеризацияланган сүт — 5,7%га, уй эти жана мөмө-жемиштер — 3,6%га, жаңы жашылчалар — 3,2%га, кой эти — 2,8%га кымбаттады. Куюп сатылуучу сүт 2,4%га, картошка 0,8%га арзандады.
Баалардын өсүшү өлкөнүн бардык аймактарында катталганы менен, ал бирдей эмес бөлүштүрүлгөн. Инфляция боюнча лидер — Ош облусу: жыл башынан бери +7,2%. Бул курулуш боюнча артта калган ошол эле облус: ал жакта кызмат көрсөтүүлөр (+12,3%), азык-түлүк эмес товарлар (+5,5%) жана азык-түлүк (+5,4%) эң көп кымбаттаган. Алкоголь жана тамекиге болгон баалардын эң жогорку өсүшү Ысык-Көл облусунда катталган — +6,5%.
Сырттан көз караш
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) апрель айындагы божомолунда 2025-жылдагы 11,1%дык эң жогорку өсүштөн кийин акырындык менен басаңдоону күтөт. 2026-жылга талдоочулар инфляция 10,3% болгондо ИДПнын өсүшүн 8,9%га, ал эми 2027-жылга инфляция 8,5% болгондо 8,4%га баралашууда.
АӨБдүн Кыргызстандагы директору Чжэн Ву мамлекеттик инвестицияларга байланган азыркы өсүү модели трансформацияга муктаж экенин белгиледи. Узак мөөнөттүү туруктуулук үчүн өлкөгө жеке бизнеске шарттарды жакшыртуу, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, каржы секторун өнүктүрүү жана тикелей чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу зарыл. Сырткы тобокелдиктер — чийки затка болгон туруксуз баалар жана геосаясий белгисиздик — жакынкы эки жылда экономикалык саясатта этияттыкты талап кылган негизги факторлор бойдон калууда.