11 тонна мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жүктөлгөн унаа кармалдыКубанын сууларында америкалык катер менен жээк күзөтүнүн ортосунда атышуу болдуОшто «Агроэкспо-2026» эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөтТуризмди өнүктүрүү фонду жана Reporter.kg Кыргызстандын туристтик дараметин биргелешип илгерилететБорбор Азия өлкөлөрү Сырдарыя жана Амударыя бассейндериндеги суу лимиттерин макулдаштыКытайлык холдинг Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар
ИИМ мушкер Дмитрий Биволдун мурунку жубайынын видеосуна байланыштуу иликтөө баштады
22.10.2025 | 09:20

КР Ички иштер министрлиги мушкер Дмитрий Биволдун мурунку аялы Екатерина Биволдун социалдык тармактарда тараган, кыргыз элин кемсинткен видеолору боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштады.
Бүгүн интернетте анын улут аралык кастыкты козуткан мүнөздөгү бир нече видеосу тараган.
«Мындай аракеттерге жол берилбейт. Бул улуттар аралык сый-урмат жана сабырдуулук принциптерине каршы келет. Ар бир жаран адеп-ахлак жана мыйзам нормаларын сактоого, кастыкты козутпоого милдеттүү», — деп белгилешти министрликтен.
Учурда аталган факт каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом