Мамлекеттик мекеменин мурдагы жетекчиси 26,8 млн сом зыян келтирди деп кармалды

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мамлекеттик мекеменин мурдагы директору 26,8 миллион сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирди деп шек саналууда.
Маалыматка ылайык, ал былтыр кызматта турган учурда чет элдик фармацевтикалык компания менен 1,3 миллион долларга дары-дармек жана медициналык жабдыктарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн.
Бирок бул дары-дармектер бажы алымдарын төлөбөстөн өлкөгө киргизилип, кийинчерээк кымбаттатылган баада саламаттыкты сактоо мекемелерине сатылган.
Мындан тышкары, муктаждык болбогон учурда да онкологиялык ооруларга каршы кымбат препараттар сатып алынган, бирок алар сапат боюнча сертификаттан өтпөй, колдонууга жараксыз деп табылган.
Министрлик билдиргендей, мурдагы директор кампадан кымбат дарыларды уруксат кагазы жок эле чыгарып кеткен учурлар да аныкталган.
Учурда бул факты боюнча тергөө иштери улантылууда.