Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Бишкектин Чүй проспектисинде жети күнгө ысык суу өчүрүлөт
22.10.2025 | 10:24

Бүгүнтөн тарта борбор калаанын Чүй проспектисинде жети күн бою ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-28-октябрь күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин жылуулук түйүнүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ошондуктан Чүй проспектиси, №111, №113 жана №115а даректериндеги имараттарда ысык суу убактылуу берилбейт.
«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарынан түшүнүү менен мамиле кылууну жана ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом