Башка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — Кулов
Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү жана Кытай ортосундагы түбөлүк достук келишимин ратификациялады
24.10.2025 | 13:53

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кытайдын ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди ратификациялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Ал 2025-жылдын 17-июнунда Астана шаарында кол коюлган аталган өлкөлөр ортосундагы Түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишимди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат